• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялары дайындалды (тизме)

6 Бирдин айы 2024 12:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине айрым жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 8 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, анын материалдары Кеңешке кайтарылды.

Президенттин 8 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө Жарлыктары чыкты, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Баткен облусу
Баткен облустук соту
Апышев Алмазбек Апышевич;

– Ош облусу:
Ош облустук соту
Джаналиева Миргуль Джаныкеевна;
Кара-Суу райондук соту
Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна;

– Чүй облусу
Чүй облустук соту:
Абдиева Тынара Курмантаевна;
Абдырашитов Тилек Арстанбекович.

– Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл облустук соту
Кокшенова Сымбат Темирбековна
Ысык-Көл облусунун административдик соту
Абдыкадырова Зарина Омаровна;

– Бишкек шаары
Ленин райондук соту
Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович.

Количество просмотров: 85