• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жергиликтүү тургундар таштанды калдыктарын Ала-Арча суу сактагычына төгүп жүргөн

6 Теке 202312:01 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун Маевка айылынын жашоочулары тарабынан мыйзамсыз орнотулган канализациялар аныкталып, айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 5-июлунда Аламедин районунун Маевка айылында Жаратылыш ресурстар министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору мыйзамсыз орнотулган канализацияларды аныктоо боюнча рейд өткөрүштү, алардан чыккан калдыктар, таштандылар жергиликтүү коллектордук-дренажга агып Ала-Арча суу сактагычына куюлат.

Рейддик иш-чарага Маевка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз түтүктөр демонтаждалып, аны орноткон үй ээлерине жана ишканаларга айып салынды.

Количество просмотров: 127