• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жергиликтүү тургундун үйү өрттөндү. Чек арадагы акыркы кырдаал

28 Үчтүн айы 2022 0:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы саат 22.18де тажик тараптын демилгеси менен КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары-Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн маалымдайт.

Сүйлөшүү дагы эле ок атууну токтотуу тууралуу болду.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.Шаршеев тажик тарап ок атууну токтопой жаткандыгын жана чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келип жаткандыгын билдирди. Саат 23.00 карата тажик аскер кызматкерлери кыргыз аскер кызматкеринин жайгашкан жерин көздөй маал-маалы менен ок атып жатышат, ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде дагы деле ок атышуу уланып жатат.

Тажик аскер кызматкерлери Көчө-Бою жерлигиндеги ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери жайгашкан жакты көздөй минамет менен атышкандыгынан Кыргызстандын жергиликтүү жашоочусунун үйү өрттөнүп кеткен.

Количество просмотров: 937