• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Жетекчи чыныгы абалды жашырып жатат». М. Абдыраев атындагы музыкалык мектепте иштеген мугалим агынан жарылды

12 Бугу 2022 17:28 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Мукаш Абдыраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын чыныгы абалын айтып чыккан мугалимдерге жетекчилик тараптан коркутуу болуп жатат. Бул тууралуу Govori.TVга аталган окуу жайда эмгектенген мугалим билдирди.

«Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына көңүл бурулуп, бийлик өкүлдөрүнө үнүбүз жетсин деген максатта 3 мугалим андагы көйгөйлөрдү айтып чыкканбыз. Буга байланыштуу жетекчилик тараптан ачык эле коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Эч кандай кылмыш иши козголгон эмес, бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылдык. 2 мугалим аталган кызматка сурак берип келди. Деген менен бизге УКМКга чакыруу боюнча атайы кат келген жок. Мен ошону жүйө кылып барган жокмун. Мындан 2 ай мурун маданият чөйрөсүндөгү жаш кызматкерлер «окуу жайларга кандай өзгөрүүлөр керек?» деген сунуш-пикирлерди талкуулаган жыйынга катышканбыз. Ошол чогулушта «жетекчини кызматтан кетиребиз» деген сөздөр айтылган деп бизге жалаа жабылып жатат. Директор кызматкерлерден кол топтоп, жамааттык кайрылуу жолдогон. Мектептин деңгээлинде чечилчү маселеге жетекчи УКМКны кийлигиштирип, билим берүү менен маданият министрлигинин башын аттап жатат»,-деди ал.

Аталган окуу жайда иштеген кызматкер жетекчиси интернаттагы чыныгы абалды жашырып жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө интернаттагы жыртык эшиктерди чыгарып салышыптыр. Окуучулардын бөлмөлөрүнүн баары эшиги жок ачык турат. Кечээ күнкү тамактануунун сүрөтүн ата-энелер жиберишти. Андагы идиш-аяк, отургучтар биздин мектепке эле таандык. Ал эми директор Исрадин Аманбаев актанып, кандайдыр себептер менен чыныгы абалды жашырып жатат. Жагдайды иштеген кызматкерлердин баары эле билишет. Бул мамлекеттик мектеп болгондон кийин бюджеттен каражат бөлүнөт. Ар бир баланын тамак-ашына акча каралат. Мындан сырткары ар бир ата-эне айына 1100 сом төлөп турат. Ошондой эле жылына ремонт үчүн деп ата-энелердин дагы кошкон тыйыны бар. Музыкалык мектеп-интернатында 500гө жакын окуучу билим алат. Эмнеге жашырууга аракет кылып жатышат билбейбиз, чындыкка жетпей жатабыз. Чындыгында бул мектеп аябай начар абалда. Мен өзүм ушул мектепти окуп бүтүргөм. Жуунчу бөлмө жарабай калган болчу, бүгүн аны тездик менен оңдоп жатышат. Тамак-аш эптеп берилет. Жетекчи баары жаман эмес деген сүрөттү баракчасына чыгарган. Көп өтпөй, кечки тамакка балдарга кайра эле макарон берилди»,-деди атын атагысы келбеген мугалим.

Количество просмотров: 2952