• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

М. Абдыраев атындагы музыкалык мектеп «мышык ыйлачудай» абалда. Жетекчиси комментарий берди

10 Бугу 2022 12:02 Бишкек Govori.TV


Бишкектеги Мукаш Абдыраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын «мышык ыйлачудай» абалын чагылдырган видео социалдык тармактарга жарыяланып, кызуу талкуу жаратты.

Тасмадан имараттын эскилиги жетип, ремонтко муктаж экенин көрүүгө болот.

Ал эми аталган музыкалык интернаттын жетекчиси Исрадин Аманбаев жогорудагы видео боюнча Govori.TVга комментарий берди.

«Мектебибиздин абалы өтө эле жаман эмес. Бизде 4 чоң имаратыбыз бар. Алардын ичинен экөөнүн курулганына 60 жылга жакындап калды. Атайын адистер келип бул имаараттарды капиталдык ремонттон өткөргөндөн көрө жаны салуу керек деп айтып кетишкен. Бул видеодогу тартылган сүрөттөр ошол имаараттардын жер төлөөсү. Ал эми муз.корпус менен жатакана боюнча азыркы мезгилде смета даярдалып жатат. Жакында даярдап министрликке беребиз. Ремонт боюнча акыркы жети жылдан бери тынбай айтып жана жазып келе жатам. Бирок өлкөбүздөгү ар кандай туруксуздуктан ишке ашпай келе жатат. Быйылкы жылы өкмөттүк чон коллегияда өкмөт мүчөлөрүнүн жана депутаттардын көзүнчө айтып чыккам. Министр Азамат Жаманкулов жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эң жакшы билишет. Видеодогу тамак- аш боюнча мен териштирдим, андагы идиш-аяктар биздин ашканага таандык эместиги белгилүү болду. Акыбал видеодогудай өтө эле жаман эмес.( Бул жерде атайын монтаждалган экен) 20-майдан кийин келип көрүп кетсениздер дагы болот»,-деди Аманбаев.

Белгилей кетсек, Абдыраев атындагы музыкалык-мектеп интернатта учурда 500гө чукул бала окуйт. Ал Кыргызстандагы жападан-жалгыз музыкалык окуу жай болуп эсептелет.

Количество просмотров: 4362