• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Жетекчилердин жер-жерлерде көйгөйлөр менен таанышуусу уланууда

8 Аяк оона 2022 17:45 Бишкек Govori.TV

Президент Жапаровдун тапшырмасына ылайык учурда Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министрлигинин өкүлү түштүк облусунда жана жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды активдүү өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалым болгондой, бул жолугушууларда бир топ социалдык, экономикалык жана прокуратура, сот органдарына тиешеси бар маселелер көтөрүлүүдө. Мүмкүн болгон маселелер жеринде каралып, убакыт талап кылгандары тийиштүү кызматкерлер тарабынан каттоого алынууда.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кийинки жолугушуулары Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтөт.

Количество просмотров: 130