• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жети-Өгүздө 10-класстын окуучулары мушташты

9 Чын куран 2021 12:26 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда мектеп окуучуларынын ортосунда мушташ чыкты. Аталган маалыматты Govori.TVга облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 9-апрелге караган түнү саат болжол менен 00:10 чамасында болгон. Анда Жети-Өгүз РИИБине Саруу жана Дархан айылдарынын ортосунда балдар өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытып жатышат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда Дархан айылында жашаган өспүрүм WhatsApp аркылуу Саруу айылында жашаган бир өспүрүмдү жаман сөздөр менен жазып, алар уруша кетишкен. Жыйынтыгында алар жолугушчу жерди белгилешкен.

Бул факты Жети-Өгүз РИИБинин электрондук маалымат журналына катталып, келтирилген зыянды аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалды.

«Алар пикир-келишпестиктен улам бири-бирине таш ыргыта башташкан, ыргытылган таштар өтүп бара жаткан унаага тийип, айнеги сынып, материалдык зыян келтирген. Урушкан балдар 10-класстын окуучулары экени аныкталды. Жабыркагандар жок. Балдардын ата-энелерине жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн», — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы.


Количество просмотров: 334