Ысык-Көлдө үйлөргө кирген сууларды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Такталган маалыматка ылайык Жети-Өгүз районунда саат 8:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон топтолгон сел суусу Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 154-чакырымын кум-шагылга толтурган.
Ошондой эле Кичи-Жаргылчак айылындагы дарегиндеги 2 үйдүн короосун, сарайын каптап, 1 үйдүн жер төлөсүнө жана сарайына суу кирген.
Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 4 куткаруучу, айыл өкмөттөн 1 жүктөгүч, №3 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, толук тазаланып иш-чаралар аяктап, унаа жолу эки тараптуу ачылган.