• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жети-Өгүздө курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды

2 Чын куран 2024 11:06 Бишкек Govori.TV

 Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-мартта УКМКнын Чек ара кызматынын сапёрлор тобунун катышуусу менен жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы эски сүт-товар фермасынын аймагынан курал жарак сакталган жашыруун жер аныкталды.

Анын ичинен:

  • “РГД-5” үлгүсүндөгү 2 кол гранатасы;
  • 2 даана чет өлкөлүк жарык-үн чыгаруучу граната;
  • 4 түтүн бомбасы;
  • 7,62х54 калибрдеги снайпердик курал үчүн 16 патрон;
  • 5,45х39 калибрдеги Калашников автоматы үчүн 42 патрон табылган.

Аталган факты боюнча курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иликтөө иштери башталды.

Количество просмотров: 86