• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервация кылуу иш-аракеттери жетишсиз деп табылды

19 Бугу 202019:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,19-майда, облустук ыкчам штаб өз отурумунда 18-майда Жети-Өгүз айылында, жергиликтүү тургундар тарабынан айылдык төрөт үйүн обсервация жайы катары пайдалануу боюнча нааразычылык акциясы тууралуу маалымат алып чечимдерди кабыл алды.

Штабдын чечимине ылайык, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, райондук ыкчам штабынын төрагасы Мурат Раматовдун жана анын биринчи орун басары Улан Далиевдин Жети-Өгүз айылындагы төрөт үйүн обсервация жайы катары пайдалануу боюнча иш-аракеттери жетишсиз деп табылсын.

«Мындан сырткары Жети-Өгүз айылындагы төрөт үйүн обсервация жайы катары пайдалануу боюнча райондук ыкчам штабынын төрагасын жана мүчөлөрүн адаштырып, саламаттык сактоо министрлигинин обсервациялык жайлар боюнча буйругун жетишсиз түшүнүү менен туура эмес сунушту жана багытты берип, мажбурлагандыгы, Каракол шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, облустук саламаттык сактоо координатору, облустук ыкчам штабынын төрагасынын орун басары Мирбек Сагынбаев менен макулдашпагандыгы үчүн Жети-Өгүз райондук жалпы дарыгерлер практикалык бороборунун башчысы Канат Жумадыловдун иш-аракети белгиленсин. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине чара көрүү тууралуу сунушту жиберүү Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М. Раматовго тапшырылсын»,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 46