• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жети-Өгүздө жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады

24 Бугу 20229:11 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 187-чакырымында Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн.Кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган А.М жана 1987-жылы туулган Ж.А. аттуу 2 эркек киши аркандай жаракат алышкан.

Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 229