Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жеңил унаалар сүзүшүп, үч киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 8-июнь күнү, таңда саат 4:30 чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 178-чакырымындагы Даркан айылынын аймагында болгон.
«Ауди С4 менен BMW 525 автоунаалары сүзүшкөн. Мунун кесепетинен биринчи унаадагы эки киши көз жумуп, бирөө жабыркаган. Экинчи автөкөлүктүн 21 жаштагы айдоочусу каза тапкан. Калгандарынын аты-жөнү, жашы такталып жатат»,-деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.