• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жибек-Жолундагы турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

9 Аяк оона 20259:35 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо Жибек-Жолу менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган имаратта саат 8-сентябрда саат 22:00 чамасында тутанган.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, жана штаб тартылып, кырдаалды көзөмөлгө алуу иштери ыкчам жүргүзүлдү. Өрт 22:56да чектөөгө алынып, 23:21де толук өчүрүлгөнү кабарланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, өрттүн жалпы аянты 400 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Өрттүн чыгуу себептери учурда такталып жатат.

Количество просмотров: 121