• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент, Вероника Ульманндын кечеңдеп жаткан проектилери жөнүндө айтканын тездетүүнү өкмөткө буйруду

1 Жетинин айы 2018 11:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында донорлор менен жолугуу учурунда көп маселелерге токтолду. Ал жыйындын соңунда төмөнкүлөргө токтолду.
“Бүгүн жакшы жолугушуу болду. Бул жолугууну көптөн бери тилеп келгенбиз. Тиешелүү органдар менен кандай тоскоолдук бар экенин билгибиз келген. Мына бүгүн чынында ачык-айкын сөз болду. Мамлекеттик органдарда болуп жаткан кемчиликтер боюнча дагы иштейбиз. Сиздер менен иштей турган бийлик бутактарына талап күчөйт. Биз буга чейин Эгемендүү мамлекет болгондон бери 10 млрдга чейин жардам колун сунуп келишкен. Биздин сиздер менен иштешүүгө тажрыйбабыз бар. Ошол тажрыйбабызды бириктирип каттуу иштетишбиз керек. Стратегиялар абдан чоң программа. Бул программаларды ишке ашыруу үчүн сиздердин жардамыңар керек. Азия өнүктүрүу банкы жана Дүйнөлүк банкттар менен чоң проектилердин устүндө иштеп жатабыз. БУУнун сиситемасында иштеп жаткан системалар дагы активдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Эвропа союзуна, Ислам өнүктүрүу банкына ж.б ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары көмөкчү болгон шериктеш мамлекттерге дагы ыраазычылык билдирем. Россия,Катар,Кувейт,Турция,Кытай ж.б өлкөлөргө рахмат айткым келет. Чечилбей жаткан маселе болсо, донор менен жолугуп аларды чечкенге мен даярмын. Анткени биз өнүгүүгө муктажбыз, өнүгүшүбүз керек. Сырттан келген каражаттарды түз туура жолго иштетишибиз керек. Айтылган маселе көйгөйлөр кээ бирлердин кебелбегенинен кайдыгерлигинен улам келип чыкты. Келген жардамды бюджетке кошуп башка жакка кетирип жиберген фактылар дагы болгон. Мониторинг кылмайынча эч нерсе алдыга чыкпат. Кадрлардын алмашуусу боюнча көйгөйлөр айтылды. Мен аны колдойм,туура деп эсептейм. Биз профессионал жаш кадрларды алып калуунун аракетин көрүп келе жатабыз. Мен Вероника Ульманндын айтканын колдойм. Кечеңдеген проектилерди тездетип карап бергиле. Айтылган маселелерди көзөмөлгө алабыз. Ар бир донордун чечилбеген маселелерин чечүү жолдорун издейбиз, Стратегияны кабыл алганда Улуттук Кеңеш түзүлгөн. Бирок буга каршы чыккандар болуп жатат. Ал жерде баары эске алынат. Региондорду өнүктүрүүдө мекенддештерибизди колдойбуз. Аларга дагы проектилерди сунуштап жатабыз. Жакыр катмарды орто коомго теңдештирүү кыйын болуп жатат. Кайырмак берип,аларга балык кармаганды үйрөтөлү. Корупция менен күрөш күчөйт»,-деди Жээнбеков жыйын соңунда.
Количество просмотров: 31