• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков: Ипотекага турак-жай бардык жарандарга бериле баштайт

21 Аяк оона 2018 9:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Мындан ары ипотекага турак-жайды бардык жарандар ала алышат. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков Кемин шаарынын тургундары менен жолуккан учурда айтты.
Анда ал ипотека берүү ишин күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруларын кабарлап, азыр берилип жаткан ипотекалык насыялардын үстөгү 8 пайыздан 6 пайызга чейин төмөндөтүлүп, ал бюджеттик мекемелердин кызматкерлери гана эмес, турак-жайга муктаж башка жарандарга дагы бериле баштай турганын билдирди.
Жээнбеков мындан тышкары, ички жана тышкы инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү  — жергиликтүү бийликтин, укук коргоо, фискалдык органдардын негизги милдети экенин эске салды.
“Кыргызстанга келген инвестор бизнесин баштап-баштай электе эле андан үлүш сураган учурлар жок эмес. Анысы аз келгенсип, милиция кызматкерлери, салыкчылар да жөн иштетишпей ар кандай бөгөттөрдү коюшат. Мындай көрүнүштү токтоткула. Бүт дүйнөдө келген инвесторго бардык шарттар түзүлөт, бизде болсо, инвесторду келери менен чочутат. Кепилдик жок болсо, бизге кайсы инвестор келет, экономика инвестициясыз кантип өнүгөт? Ошондуктан, инвесторго өгөй мамиле жасаганды токтоткула”, — деди президент.
Кемин эли райондун борборундагы оорукананын курулушуна, мектептердин жетишсиздигине, электр энергиясына болгон тарифти жөнгө салууга, дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө, таза суу менен камсыз кылууга, кадрларды тандоого байланыштуу суроолорду беришти.

Количество просмотров: 35