• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Жээнбеков кыйроолорго алып келген цунамиге байланыштуу Индонезиянын Президенти Джоко Видодого көңүл айтты

25 Бештин айы 201817:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.2018.Govori.TV

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков көп адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунамиге байланыштуу Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого көңүл айтты.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайты маалымдады.
«Көп сандаган адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген, Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунами жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бардык жабыр тарткандардын тез айыгып кетүүсүн каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Количество просмотров: 12