• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков өлкөнүн саламаттык сактоо министри менен калкты медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулады

19 Тогуздун айы 2018 17:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кабыл алды. Бул туурасында  КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Анда саламаттык сактоо системасындагы реформалардын жүрүшү, калкты медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелери жана чаралары талкууланды.
Ал эми  министр Космосбек Чолпонбаев Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун оптимизациялоонун жүрүшү жөнүндө маалымдады.

На данном изображении может находиться: 1 человек, сидит, костюм и в помещении

Айта кетсек, саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен борбор калаадагы 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору 4кө чейин кыскартылат — ар бир районго бирден административдик борбор калат.
Ал белгилегендей, оптимизация административдик-каржылык штатты камтып, дарылаган врачтардын жумушуна таасир этпейт. «Медициналык биринчи жардам боюнча арыздардын 50 пайызы Бишкек шаарына туура келет», — деп айтты Космосбек Чолпонбаев.
Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы дарыгерлердин адистигин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган кечиктирилгис реформалардын маанисин белгиледи.
Мындан сырткары , айыл жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүү системасынын сапатын жакшыртуу, фельдшер-акушердик пункттардын (ФАП), бейтапкана жана ооруканалардын санын көбөйтүү керектигин кошумчалады.
Ошондой эле Кыргызстанда медициналык тейлөө акысыз болгону менен оорулууларга дарылануусунун кайсы бир бөлүгүн төлөөгө туура келет. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков акысыз жана акы төлөнгөн медицинанын баасы менен сапатын кайрадан карап чыгуу зарылдыгына токтолду.
«Көп учурда калктын эң аярлуу катмарларына — колунда жокторго, аялдарга, балдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге дарыланууда кайсы бир бөлүгүн төлөөгө туура келет. Ошол эле учурда акы төлөөгө жөндөмдүү адамдар атайын мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарыланышат. Саламаттык сактоо тармагындагы мындай системаны өзгөртүш керек. Акы төлөнгөн медицина сапаттуу болуп, ошол эле учурда акысыз сапаттуу тейлөөнү калктын аярлуу катмарларына көрсөтүш керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Айлык акыны жогорулатууда акыйкат бөлүштүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурду жана үй-бүлөлүк медицинанын дарыгерлеринен кийин стационардык медициналык тейлөө кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүшү керектигин белгиледи президент
Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо министринин көңүлүн медициналык тейлөөнүн электрондук ыкмасына өтүү, ооруларды алдын алуу, калк арасында дени сак жашоону пропаганда кылуу чараларына бурду.
Количество просмотров: 13