• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Жээнбеков: Мамлекет жаштардын колунда

25 Бештин айы 201811:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.2018.Govori.TV

«Келечекте мамлекетибиз башкалардан артта калбай, дүйнө коомчулугунун алдыӊкы сабында болушу үчүн эң башкы роль билимдүү жана кесипкөй жаштарга таандык болот. Кыргызстандын келечеги мына силер —жаштарсыңар!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы билим алууда мыкты ийгиликтерди жаратып, стипендияга татыктуу болушу менен студенттерди куттуктады.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат менен камсыздоо кызматы билдирди.

«Бул жерде отурган жаштар, силер, 160 миңден ашуун студенттердин арасынан өзүңөрдүн билимиңер менен, эмгегиңер менен айырмаланып, эң жакшы жетишкендиктерди багынтып отурасыңар. «Билимдүүгө дүйнө — жарык»- деген элдик нуска сөз бекер жеринен айтылган эмес. Силер канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончо жарык болот, ошончолук жолуңар ачык болот. Келечекте кайсы кесиптин ээси болбогула, эмгекчилдик,өжөрлүк менен ийгиликке жетесиӊер. Ар бириӊер өз тармагыӊар боюнча кесипкөй, мыкты адис болот деген үмүтүбүз чоң», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстандын өнүгүшү үчүн билим негизги ресурс катары бааланып, билим чөйрөсү мамлекеттик бюджеттен артыкчылыктуу багыт катары каржыланаарын белгиледи.

«Билимдүү коом гана өнүккөн мамлекетти курат. Азыр дүйнөлүк экономиканын жүзү өзгөрдү. Интеллектуалдык эмгек менен байланышкан тармактардын үлүшү басымдуу болуп келе жатат. Силер окууӊарды аяктап, эмгек рыногуна барганда жаӊы тармактар, жаӊы технологиялар, жаӊы кесиптер дүйнө турмушуна кирет. Алардын ичинде биотехнология, нанотехнология, композиттүү материалдар, жаӊы медицина, жаӊы экологияга негизделген кесиптер бар. Азыркы маалымат коомунун мүнөзү өзгөрөт. Силердин турмуштагы ийгилигиӊер — ушул өзгөрүүлөрдү өздөштүрүү жөндөмүӊөргө байланыштуу болот», — деп айтты Президент.

Ал азыркы студенттер өмүр бою изденип,жаӊы нерселерди үйрөнүүгө, жаӊы кесиптерди багынтууга даяр болушу керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 23