• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

ЖК Баткен облусунун статусу жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдоду

25 Тогуздун айы 202312:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Чынгыз Ажибаев, Жалолидин Нурбаев, Ырысбек Атажанов, Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Миргүл Темирбаева, Камила Талиева, Медербек Алиев, Алишер Козуев жана Султанбай Айжигитов тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоорунда Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына мамлекет тарабынан жыл сайын берилүүчү кошумча субсидиялардын көлөмүн 1,5 миллиард сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоо сунушталууда.

Жыйында мындан тышкары, «Азия –Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга (ЭСКАТО) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Макулдашуу өнүгүүнүн ар кандай деңгээлдериндеги өлкөлөр үчүн жеткиликтүү универсалдуу инструмент катары иштелип чыккан жана укуктук жана техникалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн адистештирилген өкмөттөр аралык механизмди түзүү жолу менен кызыкдар болгон ЭСКАТОГО катышуучу-өлкөлөрдүн ортосунда кагазсыз трансчегаралык соода (маалымат алмашуу) жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Количество просмотров: 116