• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

ЖК чек ара маселесин жабык карамай болду

3 Чын куран 201910:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.04.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек ара маселеси жабык эшик артында каралуу чечими кабыл алынды. Маалымат берүү үчүн өкмөт мүчөлөрү келген.

20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселени кароо күн тартибине коюлган. Бирок депутаттар премьер-министр жыйынга келбегендиктен бул маселени кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алышкан.

Эске салсак, 13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. Жаңжалдын кесепетинен жарандарга ок тийип жаракат алышкан.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту. Протоколго ылайык, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.

Количество просмотров: 12