• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖК депутаттары Баткенге кетишти

22 Аяк оона 202216:45 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна кетишти. Алар жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрөт. Мындай чечим бүгүн, 22-сентябрдагы парламенттин жыйынында кабыл алынды.

Эске сала кетсек, бүгүн эл өкүлдөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал тууралуу министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында укту.

Жыйында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов депутаттарга чек арадагы абал тууралуу маалымат берген.

Количество просмотров: 353