• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат болуш үчүн жогорку билимди талап кылган норманы алып салуу сунушталууда

21 Чын куран 2022 16:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн жогорку билим болуш керек деген норманы алып салуу сунушталууда.

Парламенттин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев сөз сүйлөп, ЖК депутаты болушу үчүн жогорку билим керекпи же жокпу деген суроо коомчулукта кызуу талкууланып жатканын айтты.

«Азыр албетте деңгээл төмөндөдү, сабаттуулук төмөндөдү деп айтып жатышат. Бирок депутат эл өкүлү да. Маселен, эл бир чабанды депутат кылып шайлагысы келсечи, анда эмне кылыш керек? Менин оюмча жогорку билимди тастыктаган дипломдун кереги жок», — деди дептутат.

Белгилей кетсек, демилгечилер Кыргызстандын Баш мыйзамынын 24-беренесинин 3-пунктунда жарандар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилешкен.

2021-жылы кабыл алынган «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамда парламенттин депутаттыгына жогорку билими бар адамдар гана талапкер боло алары жазылган. Ага чейинки мыйзамда депутат болуш үчүн жогорку билим талап кылынган эмес.

Эске салсак, БШК жыл башында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде анын мандаттан ажыраткан болчу.

Количество просмотров: 1195