• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЖК депутаты экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды алууну сунуштады

24 Баш оона 2022 13:32 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.

Депутаттын демилгеси коомдук талкууга коюлду.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын Экс-Президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 15, 16-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти өмүр бою мамлекеттик күзөт менен толук өлчөмдө камсыз кылынат, ошондой эле мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Экс-президент аэропорттордун жана аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана станцияларынын кызмат адамдары жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу. Экс-президент мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга таандык болгон мамлекеттик байланыштарды жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн кезектен тышкаркы тартипте алууга укуктуу. Жогорудагылардан тышкары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга, ал эми пенсия курагына жеткенде — Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын 75 пайызы өлчөмүндө пенсияга укуктуу. Муну менен катар, акчалай каржылоонун (пенсиянын) өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысынын өсүшүн эске алуу менен көбөйтүлөт. Дүйнөлүк практикага кайрыла турган болсок, Түркия экономикалык кубаттуулугу боюнча дүйнөдөгү жыйырма мамлекеттин катарына киргендиктен, Түркиянын экс-президенттери бардык артыкчылыктардан жана кепилдиктерден пайдаланса болмок эле, а бирок Түркиянын экс-президенттери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин, мамлекеттин эсебинен пенсия гана алышат. Ушундай эле практика Украинада да калыптанган, 2014-жылдан бери бийлик мурдагы бардык чиновниктер үчүн жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды жокко чыгарганын жарыялаган. Корея Республикасы калктын жан башына кирешеси жогору, экономикалык жактан өнүккөн мамлекет экенин баарыбыз билебиз (2018-жылдын сентябрына карата орточо эмгек акы айына 3 323 АКШ долларын түзөт, 2022-жылдын 1-январынан баштап минималдуу эмгек акы саатына 7,70 АКШ долларын түзөт). Экономикалык жактан ушундай өнүккөн мамлекеттин экс-президенти Кыргыз Республикасынын экс-президентиндей артыкчылыктарга ээ эмес»,-деп жазылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында жана аларды мамлекеттин башка маанилүү муктаждыктарына багыттоо үчүн Мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

— 10-1-статья, Кыргыз Республикасынын Президентин кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү караган абзац менен толукталсын.

— 13-статья жаңы редакцияда баяндалган, анда Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жеке каражаттарынан мамлекеттик күзөт кызматын пайдалануу укугу каралган;

— 15-статьянын 1-бөлүгү жана 16-статья күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын Экс-Президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 15, 16-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти өмүр бою мамлекеттик күзөт менен толук өлчөмдө камсыз кылынат, ошондой эле мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Экс-президент аэропорттордун жана аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана станцияларынын кызмат адамдары жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу. Экс-президент мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга таандык болгон мамлекеттик байланыштарды жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн кезектен тышкаркы тартипте алууга укуктуу.

Жогорудагылардан тышкары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга, ал эми пенсия курагына жеткенде — Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын 75 пайызы өлчөмүндө пенсияга укуктуу. Муну менен катар, акчалай каржылоонун (пенсиянын) өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысынын өсүшүн эске алуу менен көбөйтүлөт.

Дүйнөлүк практикага кайрыла турган болсок, Түркия экономикалык кубаттуулугу боюнча дүйнөдөгү жыйырма мамлекеттин катарына киргендиктен, Түркиянын экс-президенттери бардык артыкчылыктардан жана кепилдиктерден пайдаланса болмок эле, а бирок Түркиянын экс-президенттери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин, мамлекеттин эсебинен пенсия гана алышат.

Ушундай эле практика Украинада да калыптанган, 2014-жылдан бери бийлик мурдагы бардык чиновниктер үчүн жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды жокко чыгарганын жарыялаган.

Корея Республикасы калктын жан башына кирешеси жогору, экономикалык жактан өнүккөн мамлекет экенин баарыбыз билебиз (2018-жылдын сентябрына карата орточо эмгек акы айына 3 323 АКШ долларын түзөт, 2022-жылдын 1-январынан баштап минималдуу эмгек акы саатына 7,70 АКШ долларын түзөт). Экономикалык жактан ушундай өнүккөн мамлекеттин экс-президенти Кыргыз Республикасынын экс-президентиндей артыкчылыктарга ээ эмес.

Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында жана аларды мамлекеттин башка маанилүү муктаждыктарына багыттоо үчүн Мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

— 10-1-статья, Кыргыз Республикасынын Президентин кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү караган абзац менен толукталсын.

— 13-статья жаңы редакцияда баяндалган, анда Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жеке каражаттарынан мамлекеттик күзөт кызматын пайдалануу укугу каралган;

— 15-статьянын 1-бөлүгү жана 16-статья күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица төмөндө.

Количество просмотров: 327