Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Аталган мыйзам долбоорлору тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева маалымат берди.
Анын айтымында, «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын жана жоопкерчиликтерин ишке ашыруу жана диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат. Мыйзам долбоору диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылууга жана мыйзам базасын өркүндөтүүгө багытталган.
Ал эми «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк диний билим алуу процессин жөнгө салуу сунушталууда. Мындан сырткары чет өлкөдөгү деструктивдүү диний окуунун таасиринин алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле билим алуучулардын статистикасын жүргүзүү максатында чет өлкөдө диний билим алууну каалаган адамдар өздөрүнүн өлкөдөн чыгуусун Дин комиссиясы жана тиешелүү диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуусу керек. Жогорудагы талаптарды аткарбаган учурда, билим алуучунун диний окууну аяктагандыгын тастыктаган документ Кыргыз Республикасынын аймагында жараксыз деп эсептелет.
Андан тышкары, жыйында «Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Азыгалиев, Марлен Маматалиев, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Жанарбек Акаев, Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Мурадил Сыдыков, Айбек Маткеримов, Эмиль Токтошев, Аида Исатбек кызы, Гүлшаркан Култаева.
Мыйзам долбоору мобилдүү түзүлүштɵрдүн тенденция, академиялык ишке жɵндɵмдүүлүктүн тɵмɵндɵшү жана кибербуллинг чɵйрɵсүндɵгү тобокелдиктер сыяктуу кесепеттеринен балдарды жана ɵспүрүмдɵрдү коргоо, ошонун ɵзү менен билим алууга жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.