Москвада пицца ташып иштеп жүрүп, орус блогери аркылуу элге таанылган эмгек мигранты Бекзат Жолдубай уулу Германияга бекер окууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Perspective» окуу борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов менен кеңешип, Бекзат Жолдубай уулун чет өлкөгө окууга жиберүүнү чечишкен.
Кошумчалай кетсек, 24 жаштагы Бекзат Жолдубай уулу Москвада тамак ташып иштейт. Ал 2019-жылдын декабрь айынын башында москвалык белгилүү блогер Алексей Кузьминдин сынагында 20 миң рубль утушка ээ болгон.