• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖК депутаты жарандар автобустарды сааттап күтүп жатышканын айтты

24 Тогуздун айы 202413:03 Бишкек Govori.TV

Бишкекте автобустар узак аралыкта каттайт, адамдар туура автобусту көпкө күтүп жатышат. Бул тууралуу депутат Бактыбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Жарандар эртең менен жана кечиндеси аябай эле узак убакытта келип жатыптыр. 1 сааттай күтуп жатабыз дешти. Анан да автобустар жык толо келип, кийинкисин күтүп жатышат. Автобустардын ортосундагы интервалды кыскартуу керек», — деди депутат.

Ал кошумчалагандай, жарандар коомдук транспортто накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болушат.

Количество просмотров: 175