• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ЖК комитети Бишкектеги 2 имаратты Орусиянын Чек ара кызматына берүүнү жактырды

20 Бештин айы 2022 14:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Бишкектеги эки имаратты Орусиянын Федералдык чек ара кызматына 49 жылга берүүнү жактырды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров россиялык тарап кызматтык пайдалануу үчүн объекттерди сатып алууну каалап жатканын белгиледи.

Бакировдун айтымында орус тарап сатып алууну каалаган объектилер Жибек Жолу проспектисинде жана Күрөңкеев көчөсүндө жайгашкан.

«Биздин мыйзам боюнча биз жерди сата албайбыз. Жерди ижарага берүү маселеси коюлган. Бул жерде бюджеттен бир тыйын каражат кетпейт. Россия өзүнүн каражатына сатып алып жатат. Көп жылдык пайдаланууга кыргыз тарап ижарага берип жатат», — дейт Бакиров.

Ал комитеттен маселени бир эле учурда үч окууда жактырууну суранды. Бирок аталган комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов документти Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитет дагы карашы керек деп жооп берди.

Количество просмотров: 782