Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишинин жүрүшү жөнүндө маселе жабык каралууда.
Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү келген. Ал эми вице-премьер министр Жеңиш Раззаков Баткен облусунда жолугушуу болгондуктан жыйынга катышкан жок.
Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан.