• Бейшемби 22 Чын куран 2021

ЖК комитети кумар оюндарына жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды

6 апреля 2021 в 18:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 6-апрелде Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорду жактырып, парламенттин сессиясында биринчи окууда кароого жөнөттү.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган.

Депутаттардын демилгесине ылайык, “Тамчы” аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерге бир нече мейманканасы менен казино куруу каралган. Документте кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага жергиликтүү жарандар киргизилбейт деген жобо бар.

Кошумчалай кетсек, өлөдө кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы менен кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы тыюу салынган.

Количество просмотров: 42