• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

ЖК комитетинде медицина кызматкерлеринин укуктарын өзгөчө абал учурунда коргоого багытталган мыйзам долбоору жактырылды

29 Чын куран 202019:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун карап, жактырды. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында жарыяланды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Никитенко жана А.Самигуллина тарабынан демилгеленген.

Демилгечи депутаттардын бири Альфия Самигуллина аталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринин медицина кызматкерлеринин укуктарын өзгөчө кырдаалдар же өзгөчө абал киргизилген учурду коргоого багытталганын белгилеп, ошондой эле алардын өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруунун кепилдиктерин аныктоо максатталганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Улан Примов мыйзам долбоорунда жеке медициналык жайлардын кызматкерлеринин да укугун унут калтырбоо сунушун берди. Ал эми депутат Руслан Казакбаев мыйзамга карата тармактык серепчилердин пикирине кызыгып, медицина кызматкерлерин шыктандыруу зарылчылыгына токтолду.
Мындан тышкары, демилгечилердин бири Наталья Никитенко мыйзам долбоору боюнча сунуштар социалдык тармактар аркылуу келип түшкөнүн айтып: «Шыктандыруу коэффициентин жогорулатуу маселесин экинчи окууда эске алабыз»,-деди.

Депутат Төрөбай Зулпукаров жыйында мыйзам тууралуу Өкмөттүн пикирин сурады. Ал эми Өкмөт өкүлү мыйзамдын концепциясы жактырылганын билдирип, экинчи окууга бир катар сунуштар берилерине токтолду.

Количество просмотров: 51