Парламенттин тармактык комитеттери бүгүн, 12-майда өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу отчетун угуп, аны жактырды.
Отчет Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринде каралды.
Комитет жыйындарда өкмөттүн ишине бир катар сын-пикир айтылды. Азыркы кырдаалды жана айтылган сындарды эске алуу менен өкмөттүн иши канааттандырарлык деп табылып, парламенттин 13-майдагы жалпы жыйынына коюла турган болду. Өкмөттүн отчетун 11-майда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, мадания жана саламаттык сактоо боюнча комитети угуп, жактырган. Учурда маселени Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети талкуулап жатат.
Калган комитеттер отчетту март айында угуп, канааттандырган.