• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖК кызматкерлерин жулмалаган Жапаровду колдоо митингинин катышуучулары изделүүдө

4 Жалган куран 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин кызматкерлерин жулмалаган Садыр Жапаровду колдоо митингинин катышуучулары изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБисинен билдиришти.

Митингге катышкан бир нече аял суракка чакыруу үчүн изделүүдө. Алар массалык баш аламандыкты уюштуруу беренеси менен козголгон иштин алкагында суралат.

Эскерте кетсек, социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңештин аппаратынын бир канча кызматкерлерин жулмалап, бир-экөөнүн башына койгула аялдарды жоопко тартууну талап кылышкан. Ал аялдар Садыр Жапаровду колдоо митинги учурунда парламенттин имаратынан чыгып келе жаткандарга асылышкан.

Количество просмотров: 247