Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти.
Иш сапардын алкагында Төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна жана 58-пленардык жыйынына катышат.
Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сөз сүйлөйт.
Кошумчалай кетсек, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Арсланбек Малиев, Бактыяр Калпаев жана Карим Ханджеза бар.