ЖК Төрагасы Абдылдаев беш фракция лидерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бир фракция лидери шаар сыртында болгондугуна байланыштуу келе алган жок.
«Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизүү боюнча Президенттин жарлыгын Жогорку Кеңештин кароосуна коюу маселесин талкуулашты. Жыйындын убактысы жана өтүлүүчү жери расмий түрдө такталгандан кийин сиздерге алдын ала маалымат беребиз», — деп айтылат маалыматта.