• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖК унаалардын айнектерин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

17 Жалган куран 2022 18:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Документке 50 депутат “макул”, 29 эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Жыйында белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу жеңил унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү каралууда.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжоп жатат.

Количество просмотров: 207