• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖК вице-спикери бир мандаттуу округдардагы шайлоодон баш тартууну сунуштады

15 Үчтүн айы 202513:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев бир мандаттуу округдардагы шайлоодон баш тартууну сунуштады.

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 14-январда коомдук талкууга коюлду. Анда бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген депутаттар мандатып тапшыргандан кийин ал аймакта кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен ашыкча чыгым кетип жатканы жазылган.

Эске салсак, парламент депутаттары аралаш шайлоо системасы менен шайланышат. Жогорку Кеңешке 90 депутат, алардын 54 депутаты пропорционалдык система — саясий партиялардын тизмеси аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан — мажоритардык система менен шайланат.

Количество просмотров: 216