• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

ЖКда билим берүү тармагындагы көйгөйлөр талкууланды

17 Бугу 2022 13:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште “Билим берүү жана улуттук коопсуздук” аталышындагы тегерек үстөл өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү жаатындагы эмгектенген адистер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Депутат Балбак Түлөбаевдин төрагалыгы менен өткөн талкууда тармакка тиешелүү маселелер көтөрүлүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган мыйзамдарды өзгөртүүгө байланышкан сунуштар берилди.

Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиев бул жаатта эл аралык тажрыйбаларды да карап көрүү зарылчылыгын белгилеп: “Ар бир бала татыктуу билим алышы керек. Андыктан тармактагы бюрократиялык мүчүлүштүктөрдү жоюп, билим берүүнү сапатын көтөрүү учур талабы”, – деди.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев Улуу Британия мамлекети 1997-98-жылдардан тарта билим берүү тармагына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибин киргизгенин эске салып: “Бизге да ушул өңдүү жаңы ыкмаларды жайылтуу керек. “Ынтымак” парламенттик фракциясы бардык сунуштарды угуу менен биргелешип иш алып барууга даяр”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле депутат Ырысбек Атажанов айыл жана шаар мектептери ортосунда айырмачылык өтө арбын экенин мисал кылып: “Алыскы райондордогу түзүлгөн окуу шарттары окуучулардын заманбап билим алуусу үчүн жетишсиз. Андыктан алгылыктуу аракет кылып, сапатты көтөрүүгө багытталган реформаларды ишке ашыруубуз кажет”, – деди.

Мындан тышкары, жыйында катышуучулар да пикирлери менен бөлүшүп, балдарды окууга тартуу жана мектептердеги коррупциялык жагдайларды жоюу өңдүү сунуштарды беришти.

Количество просмотров: 144