Депутат Иса Өмүркулов мындай кырдаалда иштеп жаткан Чек ара кызматынын жана ИИМдин кызматкерлерине, медиктерге кошумча маяна чегерүү керектигин белгиледи.
«Кечээ фракция лидерлери сүйлөштүк эле. Атайын фонд түзүп, өзүбүз баштап бир айлык маянабызды которолу. Муну депутаттар дагы колдойт болушу керек. Ишкерлер дагы салым кошсун. Ошол фонддон кошумча маяна төлөп берсеңер жакшы болмок», — деди Өмүркулов.
Ал эми депутат Жыргалбек Турускулов кесиптешинин пикирин колдоп, жеке өзү маянасын берүүгө даяр экенин билдирди.