Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоору оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, бир оюн чөлкөмүнө, жайгаштырып топтоштурууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Муну менен катар, оюн-зоок чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, кумар оюндарын уюштуруучулардын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн майнаптуулугун жогорулатуу, инвестицияларды тартууну турукташтыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мыйзам долбоорунун милдеттери болуп саналат.
Талкууда депутат Акылбек Түмөнбаев мыйзам иштеп баштагандан тартып бюджетке түшкөн каражаттарды тактады. Депутат Чингиз Айдарбеков казино жана букмекердик кеңселерге өз өзүнчө шарттарды белгилөө жагдайын айтты.