• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ЖКда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамы каралды

22 Кулжа 202213:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган талапкерлерге добуш берүү жараяны улантылды. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына төмөндөгүлөр тандалды:

  • “Ишеним” парламенттик фракциясы тарабынан сунушталган Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов;
  • Юридикалык коомчулук тарабынан сунушталган талапкер Эрлан Базарбаев.

Мындан тышкары, төмөндөгүлөр бекитилди:

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталган Бакыт Кыдыралиев;
Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине сунушталган судьялардын талапкерлери Марат Акбердиев, Нургуль Асанова, Эльмира Барыктабасова, Шералы Камчибеков, Айвар Кубатов, Дамира Сагынбекова, Аида Сейдакматова, Азис Эшалиев.

Количество просмотров: 99