Бүгүн, 2-декабрда парламентте «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угууну сунушталды. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов айтты. Бирок аны четке кагуу же канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынган жок.
Буга чейин Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте белгисиз адамдар кол салган. Алар саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
2-декабрга караган түнү шектүүлөрдүн бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.