• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖКга Камчыбек Ташиев келди

22 Аяк оона 2022 10:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кенештин жыйынында Министрлер Кабинетинин Баткен областындагы жана Ош областынын Алай районундагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасындагы түзүлгөн кырдаал жөнүндө маалыматы жабык эшик артында угулууда. Жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон атайы кызматтардын өкүлдөрү келген.

Жыйында Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов депутаттарга чек арадагы абал тууралуу маалымат берет.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Количество просмотров: 2374