• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖКга компьютердик техника депутаттардын эсебинен сатып алуу сунушталууда

3 Бештин айы 2020 14:25 Бишкек Govori.TV

Учурда «Ак үйдүн» ремонту айрым депутаттардын жана курулуш компаниялардын эсебинен жүргүзүлүп жатканын Жогорку Кеңештин отурумунда эл өкүлү Марлен Маматалиев билдирди.

«Бюджеттин акчасын аз болсо да үнөмдөй алдык. Учурда компьютердик техника сатып алууга 11 миллион сомдук тендер жарыяланды. Биз ушул акчанын жарымын өз чөнтөгүбүздөн төлөп берсек жакшы болот эле. Бул пиар эмес, бюджетке кам көрүү. Программалык камсыздоого да тендер жарыяланыптыр, айрым жарандарыбыз аны 200 миң сомго жасап берүүгө даяр. Керек болсо, манжа изи менен добуш берүүчү системаны жасап беребиз дешти», — дейт Марлен Маматалиев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин имараты 5-6-октябрда болгон башаламандыкта талкаланган.

Количество просмотров: 88