• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

ЖКККББга жаңы жетекчи болуп Азамат Исраилов дайындалды

20 Жалган куран 201917:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.03.2019. Govori.TV.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды.

ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ведомствону 46 жаштагы милициянын подполковниги Азамат Исраилов башкармай болду.

Ал буга чейин ЖКККББнын жол кайгуул жана административдик практика бөлүмүнүн жетекчиси болчу.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мурдагы начальниги Канат Жумагазиев Бишкек ШИИБге которулган.

Количество просмотров: 14