• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ЖКнын айрым депутаттарынан коронавирус аныкталды

25 Үчтүн айы 202212:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Аталган комитеттин төрагасы Медербек Алиев чогулуштун алдында айрым кесиптештери коронавирустун «омикрон-штаммын» жуктуруп алышканын айтты.

Жыйынга депутаттар Медербек Алиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Замирбек Мамасадыков, Улан Примов, Равшанбек Сабиров, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Чыңгыз Ажибаев катышууда.

Комитетте жалпы 13 депутат бар.

Количество просмотров: 109