• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖКнын экс-спикерлерине макам берүү мыйзамы артка кайтарылды

2 Аяк оона 202516:35 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров экс-спикер статусун берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун парламентке кайтарды. Мамлекет башчынын каршы пикири 2-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында окулду.

«Мыйзам долбоору кабыл алынса башка мекемелер да мурдагы жетекчилерине статус жана артыкчылык сурай баштайт. Мындан тышкары, мыйзам республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылат. 2026–2027-жылдарга мындай чыгымдар каралган эмес», — деп белгиленген документте.

Эске салсак, бул мыйзам парламентте май айында кабыл алынган. Документ “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамы “Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы” деген берене менен толукталып, бул макамга ээ болгон өзүнө жана аялына дипломатиялык паспорт алуу, аэропорт, темир жол бекеттеринен расмий кызматкерлери үчүн залдарды акысыз пайдалануу, акысыз медициналык кызмат алуу жеңилдиктери каралган.

Количество просмотров: 112