• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

ЖКнын экс-төрагаларына жеңилдиктерди берген мыйзам долбоору сунушталды

6 Бештин айы 202416:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы спикерлерине “Жогорку Кеңештин экс-төрөгасы” деген макам берилип, бир катар жеңилдиктер каралган мыйзам долбоору сунушталды. Документ ЖКнын сайтына коомдук талкууга чыкты.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамы “Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы” деген берене менен толукталып, бул макамга ээ болгон өзүнө жана аялына дипломатиялык паспорт алуу, аэропорт, темир жол бекеттеринен расмий кызматкерлери үчүн залдарды акысыз пайдалануу, акысыз медициналык кызмат алуу жеңилдиктери каралган. “Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы” макамы өмүр бою сакталат жана соттолгон учурда токтотулат.

Мыйзам долбооруна депутаттар Улугбек Ормонов, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Бактыбек Сыдыков, Исхак Масалиев, Марлен Маматалиев демилгечи болушкан.

Количество просмотров: 165