• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖКнын мурдагы депутаты Ирина Карамушкина кармалды

14 Жетинин айы 20249:18 Бишкек Govori.TV

«Социал-демократтар» саясий партиясынын мүчөсү, ЖКнын мурдагы депутат Ирина Карамушкина жана партиянын расмий өкүлү Т.Р. (Роза Турксевер) аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгыган катарлашты.

Алар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Маалыматта партиянын расмий өкүлү жана партиянын шайлоо штабынын координатору макулдашып, добуш сатып алууга аракет кылышканы айтылат.

«Ар бир добуш үчүн 1 миң сомдон акча которуу жолу менен шайлоочуларды сатып алган», — деп белгилейт ИИМ.

Штабды тинтүү учурунда алынган документтер менен жогоруда айтылган факты тастыкталып, Т.Р аттуу жаран добуштарды сатып алуу үчүн 40тан ашык адамга 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин акча тараткан жазууларды жок кылууга аракет кылганы кабарланды.

13-ноябрдын кечинде «Социал демократтар» саясий партиясынын штабында тинтүү жүргүзүлгөн.

Ал эми Бишкек шаардык милициясы социалдык түйүндөрдө аудиожазуу пайда болгондон кийин Кылмыш-жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 143