Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров 4-сентябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Октябрь райондук соту 8-августта кабыл алган.
Сотун маалымат кызматы тараткан маалыматта, экс-депутатты камакка алуу өтүнүчүн сотко УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө башкармалыгынын башчысы берген.
Салайдин Айдаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлганы маалымдалды.
УКМК бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары УКМК ушул эле берене менен Ошто ишкер катары таанылган Жалил Атамбаевди да кармаганын жазышкан.