• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖКнын социалдык саясат комитетинин төрайымы алмашты

26 Бугу 2022 9:09 Бишкек Govori.TV

Депутат Винера Раимбачаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңеште Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымын шайлоо өтүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 66 депутат талапкерди колдосо, 10 депутат каршылыгын билдирди.

Жыйынтыгында депутат Винера Раимбачаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган тармактык комитетти жетектеп келген депутат Динара Ашимова өз каалоосу менен төрайымдыктан кеткен.

Количество просмотров: 76